• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Австриядагы авиакырсыкта эки өзбекстандык жабыркады

9 Тогуздун айы 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

4-октябрда Австриянын Каринтия федералдык аймагындагы Дикс шаарында машыгуу учагы кулап түшкөнү маалым болду. Анын ичинде Өзбекстандын эки жараны болгон.

Өзбек элчилигинин маалыматына караганда, кырсыкта жабыркагандар Aviation Career Center авиамектебинин студенттери экени аныкталды. Ушул тапта өзбекстандыктар Каринтия аймагындагы клиникада дарыланууда.

Өзбек дипломаттары жабыркаган студенттер менен байланышып, аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Билдирүүдө элчилик Каринтиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, медициналык мекемелердин администрациясы жана башка тиешелүү уюмдар менен байланышып, кырдаалды көзөмөлгө алганы белгиленген.

Теги:
Количество просмотров: 98