• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Авто кырсыкта айнектен ыргып кеткен 8 айлык наристени тез жардам кызматкерлери байкабай калышкан

11 Чын куран 201916:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.04.2019.Govori.TV.

7нен 8-апрелге караган түнү Юнус Дунларов көпүрөсүнө жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда 30 жаштагы Манас Дайырбеков аттуу жаран каза болуп, аялы менен 8 айлык баласы оор абалда ооруканада жатышат. Алардан тышкары унаада дагы 3 кызы болгон. Алар азыр Бишкек шаардык №3 ооруканага жайгаштырылган. Бул тууралуу «Kaktus.media» жазып чыкты.

Страшное ДТП на мосту Дунларова. Скорая не заметила младенца, который вылетел из машины
Страшное ДТП на мосту Дунларова. Скорая не заметила младенца, который вылетел из машины
Страшное ДТП на мосту Дунларова. Скорая не заметила младенца, который вылетел из машины

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган үй-бүлөө Бишкекке Балыкчыдан келе жатышкан. Унаа даракты сүзүп андан соң бир нече жолу оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге келген тез жардам кызматы энеси менен үч кызын гана ооруканага алып келишкен. Ал эми 8 айлык ымыркайды жардам берүү үчүн токтогон таксист алардын артынан алып келген. Унаа кырсыкка кабылган учурда бала айнектен ыргып кеткен. Аны тез жардам кызматкерлери байкабай калышкан.

Количество просмотров: 21