Туугандарынын үйүнөн чыгып, ата-энесине бара жаткан жолдо жоголуп кеткен 6 жаштагы кыз милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бидирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда кечинде болгон. Анда 2015-жылы төрөлгөн кызды (М.А.) туугандары Кара-Балта шаарынан Бишкек шаарына баруучу коомдук кичи автобуска салган. Аны Бишкек шаарынан ата-энеси тосуп алмак. Бирок ата-энеси убагында жолукпай, кыз ошол бойдон адашып кеткен.
Издөө иштеринин алкагында Чүй ОИИБдин патрулдук-көзөмөл кызматынын кызматкерлери кызды «Ош» базарынан табышкан. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.