• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Автомат, тапанча, ок-дарылар сакталган жай табылды

26 Аяк оона 202517:20 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун, Аламүдун районунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.

Жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:

— 1 даана АКС-74 автоматы;

— 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;

— 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.

Белгиленгендей, ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 141