• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Автомектептердин салык төлөөдөн качуу схемасы ачыкталды

9 Бештин айы 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Финансы полициясынын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

«Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтардын жыйынды жылдык отчет боюнча айырмачылыктар табылды. Натыйжада, “А.П.” ЖЧКнын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бүткүл аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 35