• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“Автовнештранс» ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекетке кайтарылды

3 Бештин айы 202515:49 Бишкек Govori.TV

“Автовнештранс» ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан кабарлашкандай, «Автовнештранс» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл бөлүмүн менчиктештирүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Анын алкагында, жалпы аянты 7245,74 чарчы метр мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер тилкесине карата текшерүү иштери жүргүзүлдү. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, менчик ээси мүлктүк комплекстерин жана жер тилкелерин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 123