КР УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Р.Б.И. тарабынан коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен, ошондой эле КР УКМКнын айрым кызматкерлери менен байланышы бар экендигин айтып, мурда КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча маселени чечип берүүнү убада кылып, КР жараны К.Э.И.ден акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
Андан соң ал арыздануучудан маал-маалы менен 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчаны жана «iPhone 16 Pro Max» үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун опузалап алган.
Кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Р.Б.И. кармалып, КР ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, эгерде алардын бири аныкталса, катуу тиешелүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыштуу да чаралар көрүлөт жана мындай фактылардан жапа чеккен жарандар 0312 62-05-85 номуруна кайрылууга чакырат