• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“Аялдар жана кыздар үчүн коопсуз Кыргызстан” интеллектуалдук оюнуна 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү катышты 

15 Тогуздун айы 2022 16:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жамааты, басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, жарандык сектордун, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган 18 команда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук маселелерин талкуулашты.

13-октябрда Бишкекте «Жарык шооласы» долбоорунун алкагында «Аялдар жана кыздар үчүн коопсуз Кыргызстан» темасында Quiz Night интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын жана БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен, БУУ-Европа биримдигинин “Жарык шооласы” демилгесинин алкагында ишке ашты.

Акыл-эс, аң-сезим таймашына катышуу үчүн 18 команда (100дөн ашык адам) чогулду: ЖМК өкүлдөрү (24.kg, Kaktus. Azattyk), блогерлер жамааты, басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, жарандык сектордун, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү («Шанс» кризистик борбору, Аялдардын демократиялык түйүнү, Кризистик борборлордун ассоциациясы), коммерциялык эмес мамлекеттик уюмдар, КУУнун журналистика факультетинин атынан атайын команда катышты.

Суроолор Жазык кодексине жана Жазык — процессуалдык кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр, аялдардын саясаттагы ролу жана ага катышуусу менен көнүмүш эрежелерди өзгөртүүлөргө арналды.

Иш чара журналисттердин жана активисттердин арасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча биргелешкен координацияланган иштердин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жардам берди. Жалпыга маалымдоо каражаттары кыздарга жана аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууда, бүгүнкү коомдо туура баалуулуктарды калыптандырууда жана чечим кабыл алуучуларга аялдар менен кыздардын учурдагы көйгөйлөрү жөнүндө маалымат берүүдө негизги ролду ойнойт.

Кыргызстанда мыйзамдар аялдардын жана кыздардын укуктарын жеткиликтүү түрдө жакшы жана майнаптуу коргобойт. Аял мамлекеттен колдоо таппай, коомчулуктун кысымына кабылып, жакындарынын адаштыруусуна дуушар болуп, көбүнчө каржылык мүмкүнчүлүктөрү да болбойт. Айрыкча кыздардын жакшы чөйрөдө бой тартуусу, өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселеси курч турат.

Интеллектуалдык оюндун ачылуу аземинде Балдарды коргоо борборунун «Жандуу айкелдер»  оюну көрсөтүлүп, анда Кыргызстандагы кыздар туш болгон көйгөйлөр чагылдырылган. Тактап айтканда, эрте үй-бүлө курдуруу максатында кыздарды мажбурлап турмушка берүү жана ала качуу, кыздар арасында кесип жана хобби тандоодогу көнүмүш көз караштар, билим алуу же үй-бүлө курууну тандоо зарылдыгы ачык-айкын көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 143