«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу аймактарда өтүп жатат.
Ош шаарында өтүп жаткан окуутуу тренингине өлкөнүн түштүк жергесиндеги лидер айымдар чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу жѳнүндѳ маалыматтар берилди.
Айымдарга өзгөчө шык берген «Кыйын» өңдүү долбоорлордун көп болгону бир гана айымдардын өнүгүүсү эмес жалпы коомдун өсүүсүнө өбөлгө түзөт.
Бул жолку тренингдин дагы бир өзгөчөлүгү долбоордун буга чейинки катышуучуларынын келип, «Кыйын» долбоорунан кийин кандай ийгиликтерге жетишкендиги менен бөлүшкөнү болду.
3 күндүк окуунун жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, жана ар бир келген лидер айым өз аймагындагы маанилүү көйгөйдү көтөрүп, «Кыйын» ток-шоусуна катышты.
Кошумчалай кетсек, мындай жөрөлгө айымдардын потенциалын жогорулатуу менен саясий чөйрөгө аралашуусуна жол ачат.