• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Аялдардын укугунун корголбой калуусуна өзүлөрү күнөөлүбү?

30 Аяк оона 2020 18:41 Бишкек Govori.TV

Жогорудагы эки учурда тең жабырлануучу болгон аялдар күйөөсүнө каршы арыз жазган эмес. Эгер социалдык тармакка видео, сүрөттөр чыкпай калганда бул көрүнүштөр жашыруу бойдон кала бермектир.

Ал эми аялынын мойнуна дөңгөлөк илип, кордогон эркектин окуясы коомчулуктун өзгөчө талкуусуна алынган. Бул окуядан кийин жарандык коом зомбулуктан жабыркаган айымдардын талабын талашуу максатында онлайн акциядан, Ак үйдүн алдына чейин митингге чыгышкан эле.

Акция протеста против семейного насилия. Не обошлось без провокацийИсточник: 24.kgТолугу менен биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызда: ⠀⬇️YouTube — www.youtube.com/c/nexttvchannelFacebook — www.fb.com/nextvchannelInstagram — www.instagram.com/nexttv_kgTwitter — www.twitter.com/nexttv_kgTelegram — t.me/nexttvchannelСайт: www.nexttv.kg#NextTV #Жанылыктар #Маалымат #КыргызРеспубликасы #Саясат

Опубликовано Next TV Понедельник, 15 июня 2020 г.

Кыргызстанда зомбулукка каршы акцияга биринчи жолу болуп жаткан жок, буга чейин да аялдардын укуктарын колдоо митинги өтүп, аны тартип сакчылары таратып, тычтык маршына чыккан аялдарды милиция кармап да кеткен эле.

Бирок, акыркы учурда зомбулук маселеси коомчулуктун көңүл чордонундагы маанилүү маселелердин катарында.

Өкмөт зомбулукту токтотууда бир канча субъектилерди иштеп чыккан. Алардын арасында укук коргоо органдары, жарандык сектор, коомчулук бар. Эгерде зомбулук болсо жабырлануучу эле эмес, ага күбө болгон бардык адамдар да милицияны чакырып, арыз жаза алат.

Ал эми уку коргоочу Клара Сооронкулова көбүнчө үй бүлөлүк зомбулукка кабылгандар аны ачык айтууга эрки жетпейт. Ошол эле «эл эмне дейт?», «соттолуп кетсе ким багат?» деген сыяктуу суроолор менен кыйналып, айта албай, жашырыш, жашай беришет.

Айта кетсек бул жыл үй бүлөлүк зомбулукка кабылып, күйөөсүнүн колунан ажал тапкан эки келиндин өлүмү менен башталган. Расмий маалыматтар боюнча үй бүлөлүк зомбулук 65% өскөн. 2013-жылы — 2339, 2018-жылы – 7178, 2020-жылдын акыркы 3 айында 2319 үй бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Бул материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайтБул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайтБул радио программа Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Программанын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Теги:
Количество просмотров: 32