• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аялдардын укуктары боюнча митингден 11 кишиге ири суммадагы айып салынды

9 Жалган куран 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 8-март күнү «Аялдардын шериктештик маршына» катышкан алты аял жана коомдук тартипти бузууга катышкан беш кишиге 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып салынды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, митинг башаламандык менен коштолгондуктан ушундай чечим кабыл алынган.

«Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 82-беренесине ылайык, уруксат берилбеген митингге катышкан беш аял менен коомдук тартипти бузган беш кишиге протокол түзүлүп, айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери буга чейин митинг «Феминалле» жана «8/365» деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан уюштурулгандыгын айткан болчу.

Эске салсак, 8-мартта Бишкек шаарындагы «Жеңиш» аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн бир нече адам чогулган. Аларга 20дан ашуун белгисиз жарандар тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Количество просмотров: 53