• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Аялды чачынан сүйрөп, муунтуп, урган». Ошто мурда 7 жолу соттолгон жаран кармалды

11 Бирдин айы 2022 15:16 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында аял кишинин чачынан сүйрөп, муунтууга аракет кылганга шектелип мурда жети жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык милициясына 25-январь күнү 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда А. Масалиев атындагы көчөсүндө белгисиз жаран агрессивдүү маанайда аны сөгүү менен чачынан сүйрөп, уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Анын мындай аракети туура эмес экендигин эскерткенде белгисиз жаран арыз ээсин муунтууга аракет жасаган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан 8-февраль күнү шектүүнү Бишкектин Жал кичи районунда бекинип жүргөн жеринен кармашкан.

Ал Өзгөн районунун 40 жаштагы Д.А., аттуу тургуну болуп чыккан. Шектүү мурда жети жолу сот жообуна тартылган, туруктуу иштеген жери жок болгон. Ал ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде экендиги аныкталды.

Шектүү үч жолу бейбаштык, тоноо, наркотикалык заттарды колдонуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн соттолгон.

Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 425