• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Аялын сабаган ырчы Рахат Турлыханов он суткага камалды

17 Үчтүн айы 2024 8:57 Бишкек Govori.TV

Алматынын административдик соту ырчы Рахат Турлыхановду аялына кайрадан кол көтөргөнү үчүн он суткага камакка алды. Бул тууралуу Алматы шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин сот “тараптардын элдешкенине байланыштуу” Турлыхановго эскертүү берген. Кийин прокуратура чечимге каршы даттанган. Кийинки сот Турлыханов менен аялынын өтүнүчү боюнча жабык өттү. Сот эскертүү берүүнү он күндүк камоо жазасы менен алмаштырды.

Иштин материалдарына ылайык, былтыр декабрь айында Турлыханов үйүндө жаңжал чыгарып, аялын сабап салган.

Соттун алгачкы чечими жана ага карата социалдык түйүндөрдөгү реакциядан кийин Рахат Турлыханов жана анын жубайы видеокайрылуу жазышып, аларда баары жайында экенин айтышкан.

Ырчы – мажилис депутат Даулет Турлыхановдун иниси. Бул эл өкүлүнүн жакындары катышкан биринчи жаңжал эмес.

Былтыр октябрда Даулет Турлыхановдун уулу юрист жубайларды сабаганы үчүн сот жообуна тартылган.

Андан мурдагы дагы бир баласы көчөдө кетип бараткан кызды түртүп жиберип, ал асфальтка кулап түшкөн учур тартылган видео соцтармактарга тараган. Депутат муну «өзүнө багытталган дагы бир маалыматтык чабуул» деп атаган.

Количество просмотров: 160