• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аялына кордук көрсөткөн күйөөгө чара көрүлдү

26 Аяк оона 202423:18 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Л.М. аттуу аял арызы менен кайрылган. Ал ошол күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Ак-Кула көчөсүндө жайгашкан үйүнөн жолдошу оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат тергөө кызматында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган О.Д., аттуу жаранды аныктап, ал Ленин РИИБге жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык протокол түзүлүп, Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 204