• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Аянтка 29 кабат бизнес борбор курчу Улукбек Тилектешов ким?

5 Чын куран 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна бизнес борбор куруу пландалууда. Мэрия «Шаако» фирмасына жерди беш жылдык мөөнөткө ижарага берди.

Бүгүнкү күндө «Ala-Tower» аттуу борборду ким курат? деген сыяктуу суроолор кызуу талкуу жаратып жаткан чагы.

Юстиция министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, «Шаако» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Тилектешов Улукбек Тилектешович.

Улукбек Тилектешов тууралуу эмне белгилүү?

Улукбек Тилектешов 1993-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2016-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

2013-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
2016-2016 ― Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси;
2015-жылдан тартып «Жаңы конуш» коомдук фондунун директору;
2016-2019 ― «Эмгек лтд» ЖЧКсынын башкы директору;
2021-жылдан тартып «Мрамор Кей Джи» ЖЧКсынын директору.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

«ОсОО.kg» сайтында Улукбек Тилектешов «Жаңы конуш», «Мрамор Кей Джи», «ОРКА АЗИЯ» компанияларынын директору экени көрсөтүлгөн.

Социалдык тармактарда Тилектешов орус олигархы Роман Абрамович менен иш баштап жатканын жазып жатышат. Бирок, интернет колдонуучулардын маалыматы тастыктала элек.

Количество просмотров: 1027