• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна эмне салынары айтылды

4 Чын куран 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна курула турган имараттын эскизи жактырылды. Бул тууралуу долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия “Шаако” фирмасына жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага берди.

“Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты “Рыско” ЖЧКсы “Центр Модулор” ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Имарат 29 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат”, — деди ал.

Болатбеков эскиздик долбоордун документи жакын арада “Бишкек башкы архитектуранын” кароосуна жиберилерин кошумчалады.

Количество просмотров: 1155