Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чыгымдардын жалпы суммасы 1 345 500 сомду түздү.
«Учурда инфракызыл жылыткыч орнотулду. Ошондой эле жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер коюлуп, килемдер жаңыртылды. Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү — 75 сантиметр болгон КР Мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду. Иштер «Бишкекбашкыархитектура» МИнин долбооруна ылайык демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен аткарылган», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев баш калаанын муниципалитетине гербди жаңыртуу өтүнүчү менен кайрылган.