• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аянттагы митинг концерт менен коштолду

6 Тогуздун айы 2020 23:55 Бишкек Govori.TV

Азыркы тапта “Ала-Тоо” аянтында миңдеген адамдар чогулуп тарай элек. Нааразычылык акция концерт менен коштолду. Митингчилердин алдында рэп аткаруучу Тата Улан, ырчы Азиз Батыров жана Гүлзада Рыскуловачыгып ырдашты.

Эскерте салсак, , кечээ, 5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Кечинде митингчилер Ак үйгө бет алганда укук коргоо органдары ортосунда кагылышуу болгон. Түндө митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Бүгүн, 6-октябрга карата Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов кызматын тапшырды.

Количество просмотров: 603