Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Ала-Тоо» аянтындагы флагштоктун алдындагы жер төлөөнүн азыркы абалын көрсөтүп, билдирүү жазды.
Анын айтымында, жер төлөө 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес.
«Бишкектин борборундагы флагштоктун подвалы ушундай абалга жетиптир. 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес, астынан суу кирип, флагшток кулап калуу абалга жетип калыптыр. Учурда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата толук оңдолуп, 100 метрге бийиктелет», — деди ал.