Улуттук гвардиянын жоокерлери «Ала Тоо» аянтындагы мамлекеттик тууну түшүрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 4-августундагы Министрлер Кабинетинин токтому боюнча флагштокко орнотулган туу айрылып же ага зыян келтирилсе (катуу шамал, жаан же флагштокту оңдоо иштери болсо), мындай учурда туу түшүрүлөт.
Катуу шамал токтогон соң, туу кайра көтөрүлөт.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ катуу шамал болору тууралуу эскерткен.