«Улуттук Энергохолдинг» ААКнын төрагасы Айбек Калиев Президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканасында 18-люкс палатасында дарыланууда. Бул туурасында клиниканын башкы дарыгери Гульмира Баитова Govori.TV сайтына тастыктады. Ошондой эле агенттиктин кабарчысы экс-министр менен жолукканда ал медициналык монитор тагынып жүргөнүн өзү билдирген.
Учурда Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен 386 млн доллар тууралуу суралып жатат.