• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Аю фирмасын тартып алыштыбы же өз ыктыяры менен берилдиби? Депутаттардын пикири

19 Чын куран 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берген. Ал өз сөзундө «Аю» заводу «кустуруу» өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерге жооп берип, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

«Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деп билдирген Садыр Жапаров.

«Аю» компаниясынын тегерегинде ар түрдүү пикирлер коомчулукта байма-бай айтылып жатат. Айрымдар бул көрүнүш жеке ишкерликке кедергисин тийгизет дешүүдө.

Ал эми депутаттар бул маселе тууралуу өз ойлорун айтышты.

Количество просмотров: 561