• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Аю Холдингдин” мурдагы президенти кармалды

18 Аяк оона 202413:22 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жоюлган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, кармалган О.Б.Анын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган.

О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алды.

Азыркы учурда кармалган О.Б.Анын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 196