• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азамат Жаманкулов Маданият маалымат жана туризм министрлигине көрсөтүлдү

24 Тогуздун айы 2018 12:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Маданият маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкулов көрсөтүлдү. Бул тууралуу өзү Govori.TV сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитетине сунуштаган. Эми алдыда депутаттар анын талапкерлигин жыйында  карашат.

«Мени бул кызматка сунушташты, мен өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев менен жолушу  учуруна макулдугумду бердим. Ошондой эле, маданият маалымат жана туризм министрлигинин келечекте аткарыла турган иштери, пландары боюнча сүйлөштүк»,-деп билдирди Жаманкулов.

Азамат Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин туризм департаментин жетектеп келген. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Ага чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынын жетекчиси болгон. 2014-жылы «Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар» коомдук фондунун вице-президенти кызматында иштеген.

 

Количество просмотров: 19