• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Азамат Жаманкулов: «Мага каршы маалыматтык чабуул башталды»

25 Үчтүн айы 2019 11:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Интернетте маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун мамлекеттик цирктин директорун дайындоо боюнча сүйлөшкөн сөздөрүнүн аудиосу тарады. Анда министр кызматкерлер менен барып жолугушарын, жетекчи дайындоо маселесин Жаңы жылдан кийинки убакытка калтырып, ошол учурда талкуулай турганын угууга болот.

Азамат Жаманкулов аудиодогу үн өзүнүкү эмес экенин, кандайдыр бир фейк аккаунттар таратып жатканын билдирди.

“Төгүндөйм. Аудиодо сүйлөп жаткан мен эмесмин. Циркке кандитатурасын коюп, өтпөй калган Аида Акматалиеванын адамдары кечээ: “биздин адамды койбосоңуз информациялык чабуул баштайбыз”,- дешкен. Алар буга чейин акча сунуштарын айтып, “коюп берсеңиз ушунча берүүгө даярбыз” деген болчу. Бул ошолордун иши экенин байкадым. Алар чабуулду баштады. Бирок мындай талаптардан коркуп эле директор дайындап койгондон алыспыз”, – деди Жаманкулов.

Министр бул тууралуу Акматованын тарапташтары менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгиледи.

“Алар менен сүйлөшкөн жокмун жана сүйлөшүүнү да каалабайм. Мындай ишке бара турган адамдар, демек, деңгээли төмөн адамдар. Буга чейин эле фейк аккаунттар менен менин дарегиме ар кандай чабуулдарды жасап жатышкан. Ар кандай постторду жазышып, комментарийлерди калтырышып, интрига жаратып келишкен”,-деди министр.

Буга чейин Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Эмгек жамааттын бир бөлүгү Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак үй алдына митингге чыгышкан.

24-январда мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

Булак: «Калыс Медиа»

Количество просмотров: 36