Израил Ливандын борборуна дагы бир жолу бункер жардыруучу бомбалар менен 3-сентябрь күнү түндө сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бейрут эл аралык аэропортунун аймагында 20га жакын жардыруу болду. Израилдин аба күчтөрү «Хезболланын» буталарына абадан чабуул жасады.
Бул чабуул мурункусуна караганда алда канча күчтүү болгону менен айырмаланды.
Израилдин чабуулунан 9 киши каза болуп, 24 адам жараат алды.