Москвада абадан коргонуу күчтөрү 74 учкучсуз учакты жок кылганын Орусиянын баш калаасынын мэри Сергей Собянин билдирди. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев бир адам каза болуп, үчөө жарадар болгонун билдирди. DW билдирет.
Шейшембиге, 11-мартка караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Россия Федерациясынын бир катар аймактарына массалык чабуул жасашты. Москвада абадан коргонуу күчтөрү 74 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн Орусиянын баш калаасынын мэри Сергей Собянин билдирди. «Душмандын учкучсуз учактарынын Москвага жасаган эң массалык чабуулу болду», — деп жазган ал өзүнүн Telegram каналында.
Дрондун сыныктары Домодедовская көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырын бир аз жабыркаткан. Mash Telegram каналынын маалыматына караганда, имараттын акыркы кабаттары жабыркаган — сокку толкунунан бир нече терезелер сынып калган. Ошондой эле дрондор Москванын жанындагы Видное жана Раменское шаарларындагы турак жайларга тийгени кабарланууда. Чабуул Люты тибиндеги учкучсуз учак тарабынан жасалган деп болжолдонууда, деп белгилейт Mash.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев бир адам каза болуп, 14 адам жаракат алганын билдирди. «УЧКлар боюнча телефон чалуулар Коломна, Зарайск, Серебряный Пруды, Серпухов, Раменское, Воскресенск, Луховицы, Бронницы, Домодедово, Ленинский, Подольск, Электросталь жана Котельников шаарларынан келип түшкөн», — деди Воробьев.
Внуково, Жуковский жана Домодедово аэропортторунда учактарды учурууга жана кабыл алууга убактылуу тыюу салган “Килем” планы киргизилди. Кийинчерээк Федералдык аба транспорт агенттиги Нижний Новгород Стригино аэропортунда чектөөлөр киргизилгенин жарыялаган. Абадан коргонуу системаларынын иштеши Липецк, Брянск жана Белгород облустарында да айтылды.
Кол салуу украин жана америкалык делегациялар Эр-Риядда боло турган тынчтык келишимин талкуулоо үчүн жолугушууга камданып жаткан учурга туш келди.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский ок атышууну токтотууга карай биринчи кадам катары аба соккуларын жана деңиз операцияларын токтотууну сунуш кылган.