• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Азаматсың Акжол баатыр!» Президент чемпионду куттуктады

12 Аяк оона 2022 9:51 Бишкек Govori.TV


«Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.
Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм!
Бар бол баатыр!»,-деп жазды президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Кыргыз балбаны атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Кошумчалай кетсек, Акжол Махмудов буга чейин Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону (2018, 2022-жылы) болгон.

Количество просмотров: 67