Азат Базаркулов: Текебаевге каршы көрсөтмө берген окуя өмүрүмдөгү эң жагымсыз элес
Азат Базаркулов: Текебаевге каршы көрсөтмө берген окуя өмүрүмдөгү эң жагымсыз элес
12 Бирдин айы 2018 17:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.02.2018.Govori.TV
100 пайыз акциясы мамлекеттики болгон Мегаком компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов Спутник Кыргызстан маалымат сайтына кеңири интервью берген. Анда Базаркулов бала-чагы, өмүр баяны, кесиби, Мегаком тууралуу маек куруп, өмүрүндөгү эң жагымсыз элес катары Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берүүсү экенин айткан.
Журналисттин өмүрүңүздөгү эң жагымсыз окуя кайсы деген суроосуна,
-«Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген иш. Мага ошол бардык окуялар абдан жагымсыз болду»,-деп жооп берген.
Азат Базаркуловдун жообу
Өмүрбек Текебаев Мегаком компаниясы боюнча россиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды деп соттолгон. Азат Базаркулов Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген саналуу күбөлөрдүн бири. Саясатчы өзү кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап келет.