• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Азаттыктын» журналисти эл аралык сынакта биринчи орунду алды

6 Кулжа 2022 22:24 Бишкек Govori.TV

 «Азаттык» радиосунун журналисти Сабыр Абдумомунов Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү уюштурган «Кайра калыбына келчү энергия булактарына өтүү — көмүртек нейтралдулугуна жетишүү үчүн биздин салым» деп аталган экологиялык эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, Сабыр Абдумомунов менен Бектурсун Стамкулов даярдаган «Жашыл энергияга жол тапкандар» деп аталган видео материалда жылуулукту үнөмдүү пайдаланган үй-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө жол тапкандар тууралуу баяндалат.

Экинчи орунга Казакстандан Яна Каримова менен Өзбекстандан Назира Умарова ээ болду. Үчүнчү орунду Vremya.kg, «Акчабар» агенттиктеринин кабарчылары алган.

Кошумчалай кетсек,сынакка жалпысынан Борбор Азиядан 52 журналист катышкан.

Количество просмотров: 208