• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Азаттыктын» журналисттерине кол салуу фактысы боюнча иликтөө башталды

30 Аяк оона 2019 10:51 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Азаттык» радиосунун кызматкерлеринин жана Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынын катышуусунда 28-сентябрда болгон окуя кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштерин улантылууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. «Азаттык» родиосунун оператору өз арызында белгилеген, видеоаппаратураларды тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Алынган видеоаппаратура ал жарандар тарабынан акт негизинде тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштеринин алкагында алынган далил буюмдар буюм ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болгон болсо-атайын экспертиза дайындалат.

«Жабырлануучу катары арыз берген «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго анын жаратынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ушундай эле экспертиза Супаналиев көчөсүнүн жашоочусу, башына дрон түшкөн жаранга карата дагы дайындалып, аталган көчөнүн жашоочуларын күбө катары суроо улантылууда. Тергөө кызматы эки тараптын тең адвокаттары менен мыйзам алкагында иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 79