• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Азербайжан Бишкекке Гейдар Алиев атындагы парк жана мектеп куруп берет

8 Жалган куран 2019 17:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.03.2019. Govori.TV

Азербайжан Бишкекке Гейдар Алиев атындагы парк жана мектеп куруп берет. Тиешелүү меморандумга мэр Азиз Суракматов менен Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев кол койду.

Меморандумга ылайык, паркты курууга Бишкек мэриясы А.Токомбаев көчөсүндө 5,5 гектар участок бөлүп берет.

Ал эми 550 окуучуга эсептелген мектеп Көк Жар конушунда орун алат.

Мэрия архитектуралык жана инженердик проекттерин даярдоодо жардам берет. Каражаттын баарын Азербайджан тарап бөлөт.

Количество просмотров: 31