Азербайжандын аскерлери Армениянын аба мейкиндигинде учуп бараткан Орусиянын Ми-24 тик учагын атып түшүрүштү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Расмий маалыматтарга ылайык, тик учак Армения менен Азербайжандын чек арасына жакын жерде учуп бараткан. Ушул тапта Тоолуу Карабакта салгылашуу жүрүп жатканын эскерткен Азербайжан тик учак караңгы маалда учуп жүргөнүн, Орусиянын тик учактары мурда бул аймакта болбогонун кошумчалады.
Баку бул окуя үчүн Москвага кенемте төлөп берүүгө макулдугун билдирип, Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армения менен чектеш аймакта Орусиянын Ми-24 аскердик тик учагын атып түшүргөнү үчүн Москвадан кечирим сурады.
Ми-24 тик учагы кулаганы тууралуу 9-ноябрда кечинде Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат тараткан. Тик учак чек арадан алыс эмес жерде, Армениянын аймагында атып түшүрүлгөн. Орусиялык эки аскер өлүп, бирөө жараат алган.