• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Блогер Али Эргешевдин кармалышы. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги комментарий берди

6 Баш оона 202513:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги КР жараны Али Эргешевдин Орусия Федерациясынан депортацияланышы боюнча видео кайрылуусуна комментарий берди.

«Мени Орусиядан депортациялашты. Бардык документтерим жайында, каттоомду маалымат базасынан өчүрүп жатышат. Депортациялоого эч кандай негиз жок болчу», — деп билдирген Эргешев.

Буга чейин өзүнүн видеосунда ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, ошондой эле консулдук мекемелеринин ишин сынга алган.

КР тышкы саясат ведомствосунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын 29-июлунда элчиликке телефон аркылуу өзүн журналист жана блогер катары көрсөткөн КР жараны Али Эргешев кайрылган.

Элчиликтин маалыматы боюнча, ал полиция тарабынан кармалганын билдирип, керектүү жардам көрсөтүүнү суранган. Ошол эле күнү элчиликтин кызматкерлери Москванын Люблино району боюнча ички иштер бөлүмүнө консулдук иш сапары менен барышып, ал жерден Эргешев КРнын башка жарандары менен бирге травматикалык курал колдонуу менен хулигандык аракеттерге тиешеси бар адамдарды издөө алкагында кармалганы аныкталган.

«Полиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, текшерүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда Эргешевдин Орусия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөндүгү аныкталган. Ага карата Орусиядан мажбурлап чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган», — деп билдиришкен дипломаттар.

Элчиликтин кызматкерлери Эргешев менен жолугушуп, анын ден соолугунун абалын билишип, консулдук-укуктук консультация беришкен. 30-июлда консул Эргешев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ал депортацияны күтүп «Сахарово» чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда кармалып турган.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Эргешевге Орусиянын укук коргоо органдарынын аны депортациялоо боюнча чечимине сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеңеш берилген, ал үчүн жеке өзү же мыйзамдуу өкүлү (адвокат) аркылуу кайрылуусу зарыл.

Количество просмотров: 319