• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Азербайжан Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана курууга ниеттенүүдө

11 Аяк оона 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда ЖК комитетинде КРдин Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө Макулдашуунун долбоору каралат.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Telegram-каналына бул тууралуу билдирүү жазып, төмөнкүлөргө токтолду.

«Парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот. Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алып, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет», — деп жазат ал.

Количество просмотров: 72