• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 12 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

1 Жалган куран 202213:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 12 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү милицияга жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык мүнөздөгү зордуктоого кабылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери 37 жаштагы киши мас абалында болгондугун, өзүнүн 2010-жылы туулган кызына сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөндүгүн аныкташкан.

Аталган факты боюнча «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

«Шектүү эки айга камалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 987