• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ажо жыл сайын элге отчет берип турат

5 Бугу 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Мен жыл сайын элдик курултайдын алдында ишмердүүлүгүм жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам. Бул тууралуу Жапаров 5-майда элге кайрылуусунда билдирди.

«Мен жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында Президенттин иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам. Коомдун бардык тармактарынын, жалпы кыргыз элинин колдоосуна ишенем. Жалпы эл менен бирдикте, алар талап кылган иш-чараларды аткарууга менин күчүм жана эрким жетет.  Элибиздин татыктуу жашоосун, алардын коопсуздугу менен укуктарын камсыз кыла алабыз деген бекем ишенимдемин. Биз сиздер менен мамлекеттин саясий турмушун гана турукташтырбастан, экономиканы, коомдун жашоосун жакшыртууга умтулабыз. Жаркын келечекке карай аракеттенүү процесси башталды”,-деди өлкө башчы.

Количество просмотров: 53