• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ажылык сапар 25 июнда башталат

6 Кулжа 2018 11:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабиясына 25-июнда учат. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай Шергазиев Govori.TV. агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 25-июндан 7-августка чейин Сауд Арабияга 18 аба каттамы пландалган. Ал эми мекенине зыяратчылар 27-августта кайта баштап, 9-сентябрда баары келип калат. Жалпысынан чоң ажылыкка 7 миң 20 адам катталды. Алардын ичинен квотага жараша 5 миң 400 жаран тандалды.
Быйыл 2017 жылга салыштырмалуу ажылыкка 900квота көп берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бул жылы 5485 кыргызстандык ажылык милдетин аткара алат. Ошондой эле зыяратчыларды 180 ажы башчы коштоп барат.
Мусулмандардын дин башкармалыгынын өкүлү Жолдошбек Абдылдаев билдиргендей, ажы башчы болуу үчүн 237 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасынан тесттик негизде 180 талапкер өттү. 109у ажы башчы болсо, калган 61 адам документтик иштер, баргандарды тосуп алуу, мейманканаларга жайгаштыруу жана башка ушул сыяктуу иштерди аткарат.
Ал эми сапардын баасы 2890 долларга бааланып, былтыркыдан 130 долларга кымбаттаган.

 

Количество просмотров: 47