Бишкек.23.05.2018.Govori.TV.
Соңку жылы Өзбекстандын 1000ден ашык жараны Софед-Булан тарыхый музейине келишти. Бул туурасында «Ак-Коргон» айыл өкмөтүнүн башчысы Фарманкулов Голибжан Govori.TV агенттигине, «Элеттен кеп», рубрикасына билдирди.
» Учурда Софед-Булан тарыхый мемориалдык музейин туристтерге ылайыктап даярдыктарды көрүп жатабыз . Ал үчүн атайын фонд ачылып 1км 600метр жолуна асфальт төшөлдү. Соңку жылы болжол менен 1000ден ашык турист келип кетти. Мындан сырткары ажыга барарда Софед-Буланга келип сыйынып кетишет. Бул жерди экинчи ажы деп да коюшат » -дейт өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, 1997-98 -жылдары Өзбекстандагы Заркент жол өткөрмөгү ачылганда күнүнө 200-300го жакын туристтер Софед-Буланды зыяратка келип турушкан.