26-октябрь саат 11:00гө карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Алардын ичинен 18и — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 179 адамдын ичинен 50 киши ооруканаларда дарыланууда.
Алардын ичинен:
— темир жол ооруканасында 13 жабырлануучу;
— Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 12 жабырлануучу;
— Улуттук госпиталда 24 жабырлануучу;
— Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунда 1 жабырлануучу бар.
«Абалдары канааттандырарлык. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылган болчу.