• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрияда кызматкерлердин саны кыскарат

18 Бирдин айы 202113:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарында бюджеттик угуу өтүүдө. Жыйында Ала-Арча-3 конушунун тургуну Марат Акматалиев мэриядагы кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча суроо берди.

«5 вице-мэр, аппараттын жетекчиси… Алар эмне менен алектенет? Аппараттын жетекчисинин эмне кереги бар?», — деди ал.

Ал эми биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев төмөндөгүдөй жооп берди.

«Учурда өлкө боюнча мамлекеттик мекемелердеги жетекчилик кайра каралып жатат. Өкмөт структурасын өзгөрттү. Белгилүү бир кыскартуулар болду. Мындай көрүнүш бизди да күтүп турат», — деди ал.

Количество просмотров: 133