• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азимбек Бекназаров камакта калды

1 Жетинин айы 202413:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө 2010-жылдагы апрель окуясында сейфтерден жана өкмөт үйүндөгү акча каражаттарын уурдоо жана ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 292