• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азимбек Бекназаров камакта калды

9 Бештин айы 202215:50 Бишкек Govori.TV

«Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналган саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алды.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан отузга жакын адам жапырт кармалган.

Количество просмотров: 199