Саясатчы Азимбек Бекназаров абактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрдагы соттун чечими менен Бекназаров эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан чыккан.
2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКнын маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө 2010-жылдагы апрель окуясында сейфтерден жана өкмөт үйүндөгү акча каражаттарын уурдоо жана ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.