• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азимжан Аскаровдун үйү жубайына өткөрүлүп берилди

29 Чын куран 202212:00 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү жубайы Хадича Аскарова расмий катталган. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, канча жылдан бери чечилбей келе жаткн бул маселе чечилип, азыр Хадича Аскарова толук мураскер болду.

Эске салсак, 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда түрмөдө каза болгон Аскаровдун Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан үйү ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка коюлуп, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен камактан чыгарылган. 2019-жылы үй кайрадан камакка коюлган.

Количество просмотров: 118