• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Шаардык сот Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгарды

28 Теке 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 27-июлда Свердлов райсотунун түзөтүү колониясында укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көз жумушу боюнча кылмыш ишин кыскартуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи инстанциядагы сот Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча чечимди карап чыгат.

Эскерке кетсек, укук коргоочу Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда абакта көз жумган. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 73