• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун өкүмүн өзгөрткөн жок 

13 Бугу 202017:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу билдирген.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Жогорку сот 13-майда чыгарып, Аскаровдун жактоочуларынын арызын четке каккан.

Белгилей кетсек, Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 179