• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Азия чемионатында Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча курамасы 6 медаль жеңди

22 Бештин айы 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча улуттук курама командасы 16-20-декбрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатына Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук курама аталган чемпионатта 6 медаль- 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль жеңди.

Чемпионат кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 28 мамлекттен 755 спортчу катышты.

Чоңдор арасында 50 кг салмак категориясында Умида Айсаева жана 75 кг салмакта Назим Нурланов алтын медаль тагынды. 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды.

Ал эми кадеттер арасында 54 кг салмак категориясында Даткайым Байжигитова, 61 кг салмакта Эрлан Акылбек уулу жана 63 кг салмакта Кадыр Үсөнбеков коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Количество просмотров: 99