• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков Кыргызстанга экинчи алтынды алып келди

24 Бирдин айы 202010:35 Бишкек Govori.TV

Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту.

Турнир Индиянын Нью-Дели шаарында өттү.

Кыргызстандык балбан Жолдошбеков 61 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыккан. Ал казакстандык, ирандык, индиялык жана тажикстандык балбандарды жеңип алган.

Биринчи орун үчүн болгон жыйынтыктоочу беттеште Жолдошбеков тажикстандык Мухамад Икромовду утуп алган.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/200790427793904/
Количество просмотров: 99