• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты

6 Тогуздун айы 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты.

Жарым финалдык беттеште Медет кызы тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңди.

Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.

Кошумчалай кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 115